Инфографика: Кыргызстан футболчуларынын жалпы баасы төрт жылда эки эсеге жогорулады

ФИФАнын апрель айындагы жаңыланган рейтингинде Кыргызстан биринчи жолу өз тарыхында 75-орунга көтөрүлүп, бул айдагы дүйнөнүн эң мыкты командасы болду. Эскерте кетсек, футбол боюнча улуттук курама командабыз өткөн айда өз тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатында жолдомо алды. Турнир 2019-жылдын январь-февраль айларында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт.

Дүйнө жүзүндөгү футболчулардын баасын аныктай турган transfermarkt.de сайты футболчулардын жаңыланган баасын жарыялады. Агы ылайык, Кыргызстан курамасынын наркы 2017-жылга салыштырмалуу €50 миңге кымбаттаган. “Калыс Медиа” Кыргызстандын акыркы төрт жылдагы оюндарын эсепке алып, улуттук курама канчага жана эмненин эсебинен баасы жогорулаганына кызыгып көрдү.

Улуттук курамабыз төрт жылда өткөргөн оюндарында көбүрөөк жеңишке жетишип, ошондуктан анын баасы көтөрүлдү дегенге болбойт. Себеби, бул жылдар аралыгында Кыргызстан жалпы 23 расмий беттеш өткөрүп, анын 8инде жеңишке жетип, 10 жолу утулган. Дагы 5 жолу тең чыккан.

Футбол аналитиги жана машыктыруучусу Мирлан Эшеновдун айтымында, футболчулардын баасынын көтөрүлүшү биринчи кезекте Кыргызстандын 2018-жылы Орусияда өтүүчү дүйнө биринчилигине чыгуу үчүн тандалма оюндары чоң таасир эткен.

“Биринчиден, футболчулардын баасынын өсүшүнө Кыргызстандын дүйнөлүк чемпионатка чыгуу үчүн алып барган тандалма оюндарындагы атасак болот. Анда Иорданияны жеңгенге жетиштик, Австралия менен болгон беттеште утулуп калганыбыз менен, биздин кураманы көпчүлүгү биле баштады, футболчуларыбыз таанымал боло баштады.  Экинчиден, бизде акыркы жылдары футбол агенттери пайда болуп, оюнчуларыбызды чет өлкө чемпионаттарына тартып жатат. Азыр улуттук курамабыздын көпчүлүк оюнчулары башка чемпионаттарды ойнойт”, – дейт Мирлан Эшенов.

Ал кошумчалагандай, футболчуларыбыздын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатындагы оюндарга байланыштуу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of