Асель Кадырбекова: Эми тойлордо “Жар жарды” ырдайм

0

Ырчы Асель Кадырбекова тойлордо “Жар жар” ырын ырдап чыгууга бел байлады. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

“Мен “Жар жарды” ырдасамбы, ырдабай эле койсомбу деп көпкө ойлондум, анткени бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Акырында “Жар жарды” ырдоону чечтим, силердин direct аркылуу жазган каттарыңыздар ушундай чечим кабыл алууга түрткү болду. Биринчи буюртмачыга менден белек болот”,-дейт ал.

Эске салсак, Асель Кадырбекова буга чейин бир да жолу “Жар жарды” ырдаган эмес. Алгачкы жолу кайын сиңдисинин тоюнда ырдаган. Коомчулук анын аткаруусуна жакшы пикирин билдирген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of