Мавлян Аскарбеков акталып, мамлекеттик кызматка барды

0

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү жарлыкка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Мавлян Аскарбеков мурунку бийлик менен көз-карашы дал келбегендигин, бийлик алмашкан үчүн иштешүүгө макул болгонун айтат.

“Мага сунуш түшкөндө мен көпкө чейин ойлондум, бийлик алмашты, азыркы бийлик менен иштешип көрүүнү туура көрдүм. Мен кандайдыр чечимдерди кабыл албайм, мен жөн гана аткаруучумун”,-деди Аскарбеков.

Эске салсак, Мавлян Аскарбековго буга чейин кылмыш иши козголгон. Ал Дача-СУдагы кырсыктан кийин эл менен жолугушуу учурунда бийликти басып алууга чакырык таштады деп айыпталган. Көпкө созулган соттук иштерден кийин Жогорку сот тарабынан ал толугу менен акталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of