Учакта чыр салган тажик жаранынын камактагы мөөнөтү узартылды

Москва облусунун Жуковский шаардык соту 29-сентябрда учакта чыр чыгарган тажик жараны Давлаткадам Давлаткадамовдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. 29-августта Москвадан Душанбеге жол алган учак борттогу жаңжалга байланыштуу кайра “Жуковский” аэропортуна кайтып келүүгө аргасыз болгон.

Ишембидеги сот отурумунда эксперттер бир айда айыпталуучунун психикалык саламаттыгы боюнча так бүтүм чыгара алышпаганын билдиришкен.

​Айыпталуучунун агасы Аким Давлаткадамов иниси соо туруп эле кээде такыр өзгөрүп, өзүн “Аллах” деп атап жатканын айтты. Сотто иниси менен сүйлөшүүгө уруксат берилген. “Баарыбызды тааныды, жакшы эле сүйлөп жаткан, анан эле саналуу секунддарда таанылгыс болуп өзгөрүп кетти. Ал мусулман, мындай учурда кишиге жин кирип кетиптир деп айтабыз. Давлаткадамды молдого алып барып окутуш керек, бирок сотто медициналык бүтүмдү күтүү керек экенин айтышты”, – деди Аким Давлаткадамов.

29-августта Москва-Душанбе каттамы боюнча бараткан учак борттогу чыр-чатактан улам артка кайтууга мажбур болгон. “Интерфакс” маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн агрессивдүү алып жүргөнүнө байланыштуу борт коштоочу ага эскертүү берген. Тажик жараны креслосунан туруп стюардессаны башка чаап жиберген. Андан соң жүргүнчүлөрдү коркутуп, бортто бомба бар экенин айткан. Абалга баа берген аба кемесинин командири “Жуковский” аэропортуна кайтуу чечимин кабыл алган.

Орусия Тергөө комитети Давлаткадам Давлаткадамовго “ Аба транспортундагы бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of