Жайкы өспүрүмдөр олимпиада оюндарына Кыргызстандан 13 спортчу катышат

Аргентинада өтүүчү Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын жаштар арасындагы курама командасынын тизмеси жарыяланды.

Улуттук олимпиада комитетинин маалыматы боюнча курамага 13 спортчу кирди. Алар спорттун 7 түрү боюнча күч сынашат: жеңил атлетика, баскетбол, тосмо, дзюдо, сууда сүзүү, грек-рим күрөшү жана заманбап бешсайыш.

Кыргызстандын өспүрүмдөр  курама командасы оор атлетика боюнча да жолдомо алган. Бирок Эл аралык оор атлетика федерациясы лицензияны жокко чыгарган.

Өспүрүмдөр арасындагы жайкы олимпиада Аргентинанын Буэйнос-Айрес шаарында 6-18-октябрь күндөрү өтөт.

Кыргызстан курама командасынын тизмеси:

– Ева Кадырова, жеңил атлетика

– Баскетболдун 3*3 түрү боюнча (Нурбек Айданбек уулу, Сыймык Эсеналиев, Денис Геращенко, Нурсултан Лугмазов)

– Хасан Баудунов, тосмо

– Шахида Нармухамедова, дзюдо

– Султан Женишбеков, дзюдо

– Екатерина Тарева, заманбап бешсайыш

– Айдар Кенжебаев, заманбап бешсайыш

– Денис Петрашов, сууда сүзүү

– Владислав Шулико, сууда сүзүү

– Элмирбек Садыров, грек-рим күрөшү

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of