Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду тергөө абагында калтырды

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду Жогорку сот УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Ал Жогорку соттун коллегиясы Кылмыш процессуалдык кодексин одоно бузганын айтты.

“Ал 28-сентябрга чейин тергөө абагында болушу керек эле. Бирок, Жогорку сот биздин арызыбызды карабай койду. Жыйынтыгында менин жактоомдогу киши тергөө абагында эч кандай негизи жок калып жатат”,-деди ал.

Эске салсак, Бишкектин экс-мэри коррупция беренеси менен айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2014-жылы шаар башчысы болуп турганда ТВЕА компаниясы тарабынан мектеп куруу үчүн берилген акчаны колдонууда мыйзам бузган. Кубанычбек Кулматов 2018-жылдын 5-июнунда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of