Маршрут айдоочусу жүргүнчү аялга кол көтөрдү. Видео

Бишкек-Кара-Балта каттамында жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусу жүргүнчү аялга кол көтөрдү. Видео социалдык тармакка тарап, көпчүлүк колдонуучулардын нааразылыгын жаратты. 

Жаңжалдын чыгышына аялдын музыка үнүн акырындаптып коюу өтүнүчү себеп болгон. Айдоочу орой жооп кайтарып, жүргүнчү экөөнүн ортосунда кайым айтышуу башталат. Ортодо жаш баланын катуу ыйлаганын көрүүгө болот. Бир аздан кийин айдоочу унаасын  токтотуп, аялга кол көтөргөн. Маршруттагы эркек киши аларды арачалап калды.

Бул коомдук унаа айдоочусу жүргүнчүгө орой мамиле кылган алгачкы учур эмес. Бир аз мурдараак Бишкек шаарында  айдоочу жаш баланы түртүп жиберип, катуу ыйлаткан. Дагы бир айдоочу болсо пенсионер кишини салбап кетип калган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of