Жалал-Абадда көңүлдөшүн акча үчүн өлтүргөн деген аял кармалды. Шектүүгө башка ойношу жардам берген

0

Жалал-Абаддын Талдуу-Булак айылында Минура аттуу аял көңүлдөшү менен бирге 62 жаштагы кишини өлтүргөн деп кармалды. Шектүү маркум менен да жакын мамиледе болгон. Аял мындай мыкаачылыкка акча үчүн барган.

Облустук милициядан билдиришкендей, окуя 26-сентябрдан 27сине караган түнү болгон. Маркум Мамарасул киши колдуу болгонун башында эч ким билген эмес, анткени шектүүлөр кылмыш ишин өрт аркылуу жашырганга аракет кылышкан. Атасынын ажалынын анык себебинен такыр кабары жок уулу “эч кимге дообуз жок деп” арыз жазуудан баш тартат.

Бирок милиция кызматкерлери тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин маркум киши колдуу болуп каза болгонун аныкташат. Эки күн ичинде алар шектүү катары ушул эле айылдын тургундары – Минура аттуу аялды жана Калбатыр аттуу эркек кишини колго түшүрөт.

Маркумдун сөөгү табылган сарай

Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, шектүү Минура маркум Мамарасул менен да, кылмышка шериктеши Калбатыр менен да көңүлдөш болгон. Мамарасул сөз арасында 950 млн сому бар экенин Минурага айтат. Ушундан кийин аял ири суммадагы акча үчүн көңүлдөшүнүн көзүн тазалоо жолуна түшөт. Бул ишке башка мамилелеши Калбатырды аралаштырып, экөө ээн талаада Мамарасулдун колу-бутун байлап, 4 метрдей бийик жардан түртүп салышат. Маркумдун сөөгүн өзүнүн сарайына алып барып, кургагаган чөпкө кошо бензин чачышат да, өрттөп салышат. Шектүүлөр үйдү тинтип, эңсеген 1 млн сомдун ордуна 750 сом гана табышат.

Шектүүлөр көрсөтмө берип жатышат

Милиция бул окуя боюнча “киши өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду. Тергөө амалдары уланууда.

Сүрөттөр: Жалал-Абад ОИИБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of