Өкмөттүн жаңы үч мүчөсү ант берди

0

Бүгүн, 4-октябрда жаңыдан ишке киришип жаткан өкмөттүн үч мүчөсу парламентте ант берди. Аземге президент Сооронбай Жээнбеков, депутаттар жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышты. 

Ант берген жаңы жетекчилер:

—  өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Асымбеков Шамил Уметович;

— юстиция министри Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

— өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Осмонбетов Эмил Кубатович.

Президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, анттын жоопкерчилигин терең түшүнүүгө чакырды. Ал антты тутпаган мурда-кийинки чиновниктердин тагдыры кандай болгонун эске салды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of