Президент: айрым өкмөт мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму бийликке көлөкө түшүрдү

0

Аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн акыркы кездеги жүрүм-туруму коомдо кызуу талкууланып, жалпы бийликке көлөкө түшүрдү. Анын айынан мамлекеттик кызматкерлерге карата коомчулуктун терс пикири жаралды. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков  өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде билдирди. 

Мамлекет башчысы жетекчилердин ар бир иши элдин элегинен өтүп, дыкат кароосунда экенин эскертти.

“Эл бийликке карата бааны аткарган иши боюнча гана эмес, жетекчилердин жүрүм-туруму боюнча дагы берет”, – деди ажо мыйзам чыгаруу  жана  аткаруу бийлигинин  өкүлдөрүнө кайрылып.

Президенттин мындай кайрылуу жасашына Социалдык өнүгүү министрлигиндеги бир нече чиновниктердин жүрүм-туруму себеп болду.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков өкмөт катарына жаңыдан кошулгандарды куттуктап, жалпы эле эл башындагыларды антка бекем болууга чакырды.

“Элибиз  эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер”, – деди Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн 4-октябрда өкмөттүн жаңы үч мүчөсү парламентте ант берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of