“Алтын баскычтын” ээси Курман Жолдошев жаш ютуберлерди акысыз окутат

0
Курман Жолдошев

Интернет бүткүл дүйнөдөгү көптөгөн адамдар үчүн каржылык көз карандысыздык алып келди. Азыр алакандай телефону же бир компьютер менен отуруп эле акча тапкандар четтен табылат. Бүт дүйнөнү каптаган бул эпкинден Кыргызстан четте турган жок. Ушул тапта  Youtube сайтына видеолорду чыгарып, долларлап тапкан пайдасын санап калган жаш блогерлер көбөйө баштады. Бирок ютуберлердин саны улам арткан сайын видеохостинг да эрежелерди катаалдаштырууга өтүүдө. Мындай шартта 6 миллион гана кыргыз тилдүү аудиторияга иштеген жүздөгөн каналдардын келечеги кандай болот?  Youtube`дагы кыргызстандык контент жаратуучулардын абалы, келечеги тууралуу өлкөбүздөгү алгачкы алтын баскычтуу ютубер Курман Жолдошев менен маектештик.

– Алгач Кыргызстандагы эң ийгиликтүү ютубердин тажрыйбасы тууралуу сурагым келет. Сиз качан жана эмне үчүн ушул иш менен алек болом деп чечтиңиз? Интернеттен эле акча табарыңызга канчалык ишендиңиз?

 – Мен Youtube`га кирип келгенге чейин сайт жасап иштегем. Дүйнөлүк деңгээлдеги компаниялар менен кызматташып жүргөм, кийинчерээк өз алдымча иштеп көрүүнү туура көрүп, ушул багытты тандагам. Албетте, ар бир ишти баштаганда эксперимент кыласың, бирок долбоорумду өзүмө ишенүү менен баштагам. Бул 2014-жылдар эле. Башында баарын өзүм жасачумун – өзүм ойлоп таап, жазып, музыка таап, монтаждап. Бир мүнөттүк роликке бир күнүм кетчү.

-Анда команданы кантип чогулттуңуз?

 -Бизнести кеңейтүү керек болду. Адистерди издей баштадым. Кыйын болду – Кыргызстанда графика, дизайн жана анимация чөйрөсүндөгү адистер саналуу гана. Биздин жарыя менен келгендер үмүттү актабай жатты. Андыктан университеттер менен байланышууну эп көрдүк, акырында жаштарды бир командага чогулттук. Азыр эми кесипкөйлөр менен иштешебиз. Бир канал үчун 20 адам иштейт. А бизде каналдар көп, ар кандай контент жасалат, бирок баары жаш балдар үчүн.

Учурда командамда алтымышка жакын киши бар. Активдүү 3-4 канал иштетем. Жалпысынан 7 каналыбыз бар.

KIDS 312 каналындагы ролик


– Ошон үчүн Фейсбук баракчаңызда “шам менен аниматор” издеп жүргөн турбайсызбы? (аниматор изделет деген ролик -ред).

 – Ооба, анимация – бир аз татаал жумуш. Мультфильм жасаганды жакшы көргөн, кино тартканды сүйгөндөрдүн жумушу. Негизи анимация жасаган программа бар, 2D программа бир аз жеңилирээк. Андан сырткары 3D жана 3D программасынын жакшыртылган варианты бар. Ал менен кадимкидей мультфилмдерди жасаса болот.

Балдарды жумушка алганда 2-3 ай окутуудан өткөрөбүз. Андан кийин кеминде 6 ай практикадан өтүшү керек.

– Youtube сиздин негизги жумушуңузбу?

– Азырынча негизги жумушум Youtube каналдарды иштетүү. Кирешемди ушул жактан табам. Башка иштер бар, мен аларга өнөктөш болуп, инвестиция салып коем. Ал жактагы кирешени эсепке албаганда негизинен Youtube аркылуу акча табам.

Курман Жолдошевдин анимациялык студиясы/kloop

– Азыр Кыргызстанда Youtube`дан акча табууну көздөгөн видеоблогерлер абдан көбөйдү. Сиз бул тенденцияга тажрыйбалуу ютубер катары кандай баа бересиз? Алардын инвестиция кылып жаткан убактысы ресурстары акталабы? Алардын долбоорлору узак мөөнөттүү боло алабы?

 – Youtube канал иштетүү үчүн техниканы бир жолу сатып аласың, андыктан короткон акчаны актаса болот. Кыргыз тилдүү аудиторияга материал даярдайм десе, азыр бул  сегмент бош турат. Бирок бир аз кененирээк иш алып барам десе, орус тилинде видеолорду жасап, КМШнын базарына чыкса болот. Бул ишти бир аз сапаттуу жасаса, анча-мынча офисте керели кечке отургандардан караганда көбүрөөк акча түшүп калышы мүмкүн. Чыгармачылык менен жакшы иштесе, бүтүндөй команданы иштетүүгө акча чыгып калат.

Мисалы “Соло медиа”, “Этно медиа” деген каналдар бар. Алар башкалардын ырларын, кинолорун коюп акча табышат. Кыргызча контент жасагандын бир жакшы жагы – чет өлкөдөгү мигранттар көп көрүшөт. Ал жактын жарнамасынан көбүрөөк акча түшөт. Ошол эле кыргыз аудиторияга жасалган видеолорду чет өлкөдөн көп көрүшсө, 5-6 кишини жумуш менен камсыз кыла турган акча түшүп калат.

– Ушул күндөрү ютуберлер монетизацияга текшерүү болуп, тоскоолдук жаралганын талкуулап жатышат. Бул эмне деген эрежелер?

– Акыркы эки жылдан бери анимация жаатындагы каналдарды Youtube компаниясы катуу текшерүүгө алып жатат. Анткени сапатсыз видеолорду жасаган каналдар көбөйүп кетти. Ушундайлардын айынан Америкада Youtube`га көп арыздар түштү.

“Биз силерге ишенип, балдарыбызга ютубду көргөзсөк, силер жаман видеолорду коюп жатасыңар”,-деп арыздангандар өтө көбөйгөн. Чоң компаниялар Youtube менен иштешпей койду, анын үстүнө Фейсбук, Амазон деген компаниялар Youtube`га атаандаштык жаратууда. Ошого байланыштуу видеохостинг сапаттуу жана пайдалуу каналдар менен гана иштешип, калгандарын тазалап жатат.

Youtube`ду бир базар деп ала турган болсок, мурда сатылып жүргөн товарларың азыр өтпөй калышы мүмкүн. Биздин деле көп каналдарыбыз ушул текшерүүгө кабылып, жабылып калды. Азыр юмор жанрында автордук видеолорду тартууга өтүү керек. Анткени анимация тармагына көп кысым жасалууда.

– Бирөөлөрдүн материалдарын алып, кайрадан иштеп чыккан ютуберлер атаандаштыкка, эрежелерге туруштук бере алабы?  

– Мурда андайлар деле Youtube`дан акча иштеп келишкен. Азыр ошондой жол менен көп колдонуучу чогултуп, Youtube менен келишим түзүү үчүн арыз бергендердин арызы каралбай жатат.

Эски каналдарды толугу менен тазалап бүтүштү, ал эми жаңы каналдарды тыкыр иликтөөдөн өткөрүшүүдө. Youtube`дан акча иштейм деген блогерлер болсо башка бирөөнүн материалын иштеп чыккандан көрө КВН менен алектенген балдарды таап, ар кандай тамашаларды тартса жакшы болот.

– Эми гана долбоор баштаган ютуберлерге сиз кандай кеңеш бересиз?

– Эң негизгиси базарды анализ кылыш керек, мисалы, таанымал ырчыларга, саясатчыларга пародия жасагандар барбы, ушул жагын анализдөө зарыл. Элге көңүл ачуучу видеолор жагат, андыктан ушундай видеолорду көп жасаган каналдар тез көтөрүлөт.

Андан кийин оптималдаштыруу. Бизде ютуберлер жакшы картина жасай албай жатышат.

Үчүнчүсү – көп иштөө керек, ар бир блогер өзүнүн үстүнөн иштеп, дайыма чыгармачылык менен алек болуш керек. Мисалы, ютуберлер кайсы бир темада видео жасап, анысы жакшы акча алып келгенден кийин ошол теманы улантып жасашпайт. Негизи кайсы бир тема популярдуу болсо, ошол видеонун уландысы дагы жакшы көрүлөт. 

Курман Жолдошев жетишкен Алтын жана Күмүш баскычтар/koop

– Азыр жаш балдардын баары сиздер даярдаган роликтерди сааттап көрүп, Youtube`дан чыгышпайт. Сиз балдарыңыз да ошентеби? Алардын интернеттеги убактысын чектейсизби?

 – Китепте чектелүү эле маалымат болот, андыктан балдардын интернеттен маалымат караганын туура кабыл алам. Мен балдарыма кыргызча жомок китептерди алып берейин десем, жаңы жомок китептер жок. Балдарды тыюу туура эмес, менин балдарым мектептен келгенден кийин футболго, сууда сүзүүгө барышат. Балдарды бош калтырбоо керек, балдардын бир нерсе менен алек болуусу интернеттен алаксытат.

– Youtube`дагы келечекти контент жаратуучу катары кандай көрөсүз? Колдонуучулар эмнени күтсөк болот?

 – Жакында жаш блогерлерди чогултуп, аларга Youtube менен иштөөгө үйрөтөйүн деп жатам. Албетте, мен муну акча табуу үчүн жасаган жокмун, аларды акысыз эле окутам. Болгону биздин балдар дүйнөлүк аренага чыгышын каалайм.

Мурда Youtube жаңы каналдарды өнөктөштүккө кошпой жаткан, азыр сапаттуу

каналдарды кошуп жатат. Андыктан балдарга сапаттуу видео жасаганды үйрөткүм келет. Азыркы жаштарды Youtubе`дан акча табууга үйрөтүп алсам, экономикага дагы пайда болмок. Чет өлкөдө кыйналып иштеп, 40 миңдин тегерегинде акча алышат. Ошол эле акчаны видео менен бул жактан деле тапса болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of