Бишкек ШИИББинде кримминалдык милиция кызматынын 100 жылдыгы белгиленди

Бишкек шаардык ИИББинде Кримминалдык милиция кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Майрамдык салтанатка Бишкек шаардык ИИББинин жетекчилиги, Бишкек шаардык Кримминалдык милиция кызматынын жетекчилиги, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ветерандары жана чакырылган коноктор катышты.

Бишкек шаардык ИИББинин жетекчиси Сталбек Рахманов сөз сүйлөп, оперативдик кызматкерлердин ишине ийгилик, бекем ден-соолук каалай турганын айтты.

“Ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Бирок кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жашоосу үчүн бул кызмат оңой эмес. Бул кызматта иштөө үчүн чыныгы профессионалдык сапат, жогорку моралдык даярдык, өзүнүн жумушуна болгон сүйүүсү болушу керек. Өтө оор мезгилде туура чечим кабыл ала билген кызматкерлер бар үчүн кримминалдык милициянын аброю сакталууда жана өсүп жатат.

Андан сырткары кыргыз милициясынын тарыхында бурулуш жасап, ушул кызматты түзгөн ветерандарга ыраазычылык билдирем. Алардын бул иши азыркы жаш кызматкерлерде  патриоттуулукту, мекенге болгон сүйүүнү ойготуп жатат”,-деди ШИИББдин башчысы өз сөзүндө.
Майрамдык иш-чаранын алкагында бир катар кызматкерлер ардак грамота жана ведомствонун медалы менен сыйланышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of