Депутат окуучуларга сабак өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалимдердин ордуна сабак өттү.

Жогорку Кеӊештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептердин бирине барып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Ал мургалимдерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алардын агартуучулук ишинде ийгиликтерди каалады, ошону менен бирге, мугалимдердин ордуна сабак өттү.

“Бүгүн мугалимдердин кесиптик майрамы экенине карабастан, алар күндөгүдөй эле иштеп жатышат. Ошондон улам, мен мугалимдердин ордуна сабак өтүп, аларды бир сабак болсо дагы эс алып алышына мүмкүнчүлүк берейин деген чечимге келдим”, – дейт депутат.

Эл өкүлү жогорку класстын окуучуларына сабак өтүп, мугалимдерге Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата залкар жазуучунун китептерин тапшырды.

Кыргызстанда мугалимдер күнүн 5-октябрда белгилөө чечими 2012-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of