Исакунованын чет өлкөлөрдөгү «өз билемдик» иш сапары айкын болду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын чет мамлекеттерге премьер-министрдин макулдугусуз барганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Эл өкүлүнүн билдиришинче, министр Исакунова АКШ жана Аргентинага өкмөт башчынын макулдугусуз барган. Ошондой эле иш сапарлар министрдин эмгек өргүүсүн алган даталарга туш келген.

Касымалиева бул маалыматтарды чек ара кызматынан алынган маалыматтар менен тастыктап, документтерин кошо жарыялаган.

Аталган министрликтин жетекчиси жана орун басарлары эмгек өргүүсү учурунда дипломатиялык паспортторду колдонгону Кореянын Сеул шаарында учак мас болуп жаңжал чыгарды делген Зууракан Каднованын окуясынан кийин шардана болгон.

Эске салсак, 24-сентябрь күнү депутат Аида Касымалиева жогоруда аталган министрликтин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү «иш сапарларын» текшерүү демилгесин көтөргөн. Депутат муну чет өлкөлөрдө өтө турган окуу-семинарларга катардагы адистер чакырыларын, бирок алардын ордуна жетекчилер барып жүргөнүн жүйө келтирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of