Нурбаев: Бала бакча кургандын эмнеси коркунучтуу?

Айыл өкмөттөрдө мектеп, бала бакча курууда жер маселеси чечилбегендиктен имараттар курулбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, жер маселелсин жеринде чечүү укугун  айыл өкмөттөрүнө берүү керек.

“Айыл өкмөттүн аймагындагы жерге бала бакча, мектеп курууда трансформацияны айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен кыла алат деп макулдук берсек болмок. Анткени жеке өнөктөштүктөр имарат курууда барып келип айыл өкмөттөрү чечим чыгара албагандыктан көп бала бакчалар курулбай жатат”,-деди ал.

Ал эми өкмөт өкүлдөрү депутаттын сунушуна калктуу конушта бул маселени айылдык кеңештин чечими менен чечкенге болоорун, сугат жерлерине бир гана өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе экенин билдиришти.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of