Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаары 3018 жылдык мааракесин белгилеп жатат. 

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, Ош шаарынын 3018 жылдык мааркесине арналып “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу” деген аталыштагы фестиваль, эл аралык жаштар форуму өтөт.

Мындан сырткары калаанын борбордук аянтында “Ош – ооматтуу ордо калаа”, “Билим жана чыгармачылык” жарманкелери уюштурулуп, сүрөт көргөзмөсү болот.

Майрамдык салтанат эстрада ырчыларынын концерти менен коштолмокчу.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери белгиленип келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of