Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн мугалимдерин, билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда мугалим тарбия башаты экендигин айткан. Андан сырткары мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканы кошумчаланган.

“Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан. Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз”,-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эске салсак, 2014-жылы ошол кездеги премьер-министр тарабынан 5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнү деп расмий бекитилген. Мугалимдер күнүн бекитүүнүн тарыхый өбөлгөсү болуп 1966-жылы 5-октябрда Парижде өткөн мугалимдердин статусу тууралуу өкмөт аралык атайын конференциясы эсептелет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of