Президент Темир Жумакадыровдун жакындары менен жолугушту

0

Бүгүн, 5-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер министр, коопсуздук кеңешинин катчысы, маркум Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Темир Жумакадыровдун туугандарына көңүл айтып, Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүштү.

«Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү маселеси Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун өзгөчө белгилеп, азыркы кезде өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Темир Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи.

Жагдайдан пайдаланып Президент Сооронбай Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгисин маркумдун ата-энеси менен жубайына тапшырды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 7-октябрь күнү ошол кездеги вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Таласка иш-сапары менен бара жаткан учурда жол кырсыгына кабылып, айдоочусу жана жардамчысы үчөө тең мерт кеткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of