Сулайманов: жатып ичер аким-губернаторлорду кетириш керек

0

Аймактарды өнүктүрүү үчүн өлкөнүн жети облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, акимдерди жоюш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аким-губернаторлор элди кыйнагандан башка көзгө басар иш кылбай жатат.

“30 жылдан бери мамлекетти алдыга жылдыргандын ордуна тескерисинче мамлекетти артка тартып жатышат. Булар кайсы бир имарат ачылса лента кыркып, чоңдорду тосуп кайра узатуу менен гана алек болуп калышты. Шайлоодо бийликтин саясатын жүргүзүп, элге каршы иштеп жатат. Андыктан булардын баарын кетириш керек”,-деди Сулайманов.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of