Түштүк Кореянын экс-президенти коррупция үчүн 15 жылга кесилди

0
Түштүк Кореянын экс-президенти Ли Мён Бак

Түштүк Корояныны мурдагы президенти Ли Мён Бак коррупцияга айыпталып 15 жылга кесилди. Бул тууралуу “South China Morning Post” жазып чыкты.

Экс-президент пара алуу, бюджет каражатын максатсыз иштетүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча күнөлүү деп табылып, мамлекетке 13 млрд вон (11,5 млн доллар) айып төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Сот мурдагы өлкө башчысы “Самсунг” компаниясынан 6 млрд вон (5,3 млн доллар) пара алганын далилденди деп тапты. Экс-президент салык төгүүдөн качкандыгы үчүн абакта отурган “Самсунгдун” жетекчисине амнистия берген. Ошондой эле Ли Мён Бак унааларга тетик чыгаруучу “DAS” фирмасынын кирешесинен 24 млрд вонду өзүнө ыйгарып алган. Компания расмий түрдө инисине катталганы менен ээси экс-президент болгону аныкталган.

Эскерте кетсек, апрель айында Ли Мён Бактан кийин өлкөнү башкарган Пак Кын Хе да коррупцияга күнөөлөнүп камалган. Сот аны 24 жылга эркинен ажыратып, 118,5 млрд вон (95 млн доллар) айып төлөөгө милдеттендирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of