УКМК Сапар Исаковдун жактоочусунун айтканын четке какты

0

Адвокат Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине Сапар Исаковдун жакындарынын үй-жайын баалап чыгууга тапшырма берилгенин айтып чыкты.

“Катылган алтыны, банк эсептери жок экенин көргөндөн кийин эми алар анын жакындарынын мүлкүн камакка алып, тартып алганы жатышат. УКМК кызматкерлери анын жубайынын ата-энесинин батирин баалап чыгууга санкция алышты” деп жазды Токтакунов 4-октябрда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына.

УКМКнын маалымат кызматы тергөө жүрүп жатканын, бирок жогоруда айтылгандай маселе көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште “саясий боёк” бар экенин айтып келет.

УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of