Жээнбеков: Айтматов – мезгилдин руханий компасы

0

Ушул тапта борбор калаада өтүп жаткан «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземинде президент Сооронбай Жээнбеков “Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт»,- деп билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, президент Жээнбеков 1986-жылы, дал ушул жерде, дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкуулоо үчүн чогулганын эске салды.

Ошондой эле ал “Кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаӊычыл жооп сунуштаган. Маселени чечүү жолдору — экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аӊ сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган.
Адамзатты глобалдык капсалаңдан сактап калуу үчүн ар кайсы маданиятка таандык болгон, түрдүү диний ишенимди тутунган, башка дүйнө таанымды алып жүргөн инсандар жаңыча ой-жүгүртүүсү зарыл экенин далилдеген»,-деди.

Форум ишин 7-октябрга чейин улантат. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Ага ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дуйсен Касеинов, КМШ өлкөлөрү, Кытай, Түркия, Түштүк Кореянын жана Казакстандын жазуучулары жана илимпоздору келишкен.

Эскерте кетсек, алгачкы Ысык-Көл форуму 1986-жылы өткөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of