“Дордой” 10-жолу Кыргызстан Кубогун утту

Кыргызстан Кубогун уткан "Дордой" командасы

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн беттеште “Дордой” учурдагы өлкө чемпиону “Алайды” 3:2 эсебинде жеңип алды.

Беттеште биринчи голду “Дордой” чабуулчусу Бекжан Сагынбаев 8-мүнөттө киргизсе, 32-мүнөттө Кожо Жоелдин ашыруусунан кийин Акрам Умаров эсепти башы менен берген соккусу аркылуу теңеди. Экинчи бөлүмдө Бекжан Санынбаев менен Муролим Ахмедовдун голуна “Алай” бир гана тобу менен жооп бере алды.

Кыргызстан Кубогун уткан команда автоматтык түрдө кийинки жылы АФК Кубогуна катышуу укугун алат. Ушуну менен “Дордой” 10-жолу кубок ээси болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of