Миллиондук концлагерь. Кытайдагы уйгурлардын азыркы абалы кандай?

0

Кытай  бийлиги ислам экстремизми менен күрөш деген шылтоо менен Шинжаңдагы уйгурларды куугунтуктап жатат. Айрым уюмдар бул аракетти чыныгы репрессия деп атап, коңгуроо кагууда. Бирок эл аралык коомчулук СУАРга Тибеттегидей көңүл бура элек. “Калыс Медиа” Шинжаң Уйгур Автономдук Аймагындагы абал боюнча түшүндүрмө даярдады.

Кытай бийлиги акыркы жылдары Шинжаңдагы уйгурларды негизсиз кармап, түрмөгө, кайра тарбиялоо лагерлерине жайгаштырууда. Ар кандай маалыматтарга ылайык, мынтип эркине каршы кармалгандардын саны миллиондон ашат. Алардын катарында уйгурлардан башка да этникалык топтордун өкүлдөрү бар. “Эркиндикте” жашап жаткан элдин деле турмушу оңой эмес –күнү-түнү видеобайкоо, каалаган маалда полиция  үйлөрүн текшерип турат. Бир мааледен экинчисине өткөндө же оорукана, дүкөн сыяктуу коомдук жайларга кирип-чыкканда жергиликтүү тургундар тыкыр текшерилет.

Кайра тарбиялоо лагерлери бар экенин расмий Пекин четке кагып келет. Бирок Компартиянын 2015-жылдагы докладында Хотандагы агартуу-машыктыруу борборунда “диний экстремизм жуктуруп алган” 3 миң киши бар экени айтылган. Аз өтпөй чиновниктердин бири Кашгардагы төрт борбордо 120 миң айыпталуучу кармалып турганын айтып алган. Бириккен Улуттур Уюму Шинжаңдын өзүн үлкөн концентрациялык лагерь деп атап, кармалгандардын саны миллионго жетерин билдирген. “Бүткүл дүйнөлүк Уйгурлар” конгрессинин баш катчысы Долкун Айса болсо лагерлерде уйгурлардын жарымы – 3 млн киши болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Уйгурларды (казактар да бар) эч бир айып такпай туруп эле кармап кете беришет. Динге ашыкча берилгендик, чет жакта байланышы барлар, ал тургай кытай тилин билбегендер да лагерлерге жөнөтүлүшү мүмкүн.

Лагерлерде “ооматсыздарды” кыйноолор, сааттап созулган сурак күтөт. А жолу барлар өзү өзү сындоо, Компартиянын идеологиясы боюнча күндөп-түндөп лекция угушат. Жыйынтыгында уйгурлар диний ишениминен, улуттук иденттүүлүгүнөн баш тартышы керек.

Кытай адамдын жүзүн таануучу бирдиктүү видеобайкоо базасын 2020-жылга толук ишке киргизүүнү пландап жатат. Системаны сыноо аймагы катары бийлик баягы эле Шинжаңды тандады (буга чейин ядердик жардырууларды да ушул жакта сынашкан).Өлкө боюнча 20 миллиондон ашык камеранын басымдуусу Шинжаңга коюлду. Азыр кытай полициясы топ адамдын ичинен “сыйкырдуу”  базадагы жеке маалыматка дал келген шектүүнү табууга 7 мүнөттөн ашпаган убакыт сарптайт.

Бүт жакта видеокамералар – үйлөрдүн чатыры, дубалдарда, мамыларда. Полициянын тизмесиндеги “кооптуу” же “шектүү” адамдын жанында капысынан туруп калсаң да, дыкат териштирүүгө жол ачылат.

Шаар ичи блокпосттор менен бөлүнгөн. Бир мааледен экинчисине өтүү үчүн ар бир уйгур ID картасын көрсөтүп, көз торчосун сканерден өткөрүп, баштыгын, керек учурда телефонун да текшертиши керек.

Эң эле акылга сыйбаганы – Шинжаңда паспорт алуу үчүн ДНК үлгүлөрүн тапшыруу милдеттендирилди. Мындай жол менен бийлик тигил же бул уйгурдун туугандарынын да изине түшүүгө жол ачат.

Социалдык кредит же ишеним рейтинги деген система жалпы Кытайда төрт жыл мурун киргизилген. Ал кантип иштей турганы боюнча так маалымат ачыкталган эмес. Рейтингде мамлекет өз жарандары тууралуу чогулта алган бардык көрсөткүчтөр маангие ээ. Мисалы, банктан карызыңыз болсо, коомдук жайда тамеки тартсаңыз же онлайнда өзүңүздү туура эмес алып жүрсөңүз (“туура эмес” шопинг жасасаныз) упайлар алынат. А эгер кан донору болсоңуз, кайрымдуулук жасасаңыз же Компартияга ода жазсаңыз, балл көбөйөт.Социалдык кредит системасы уйгурлардын абалын ого бетер оорлотту. Алар мечитке көп  каттаса да упайы кемийт. “Экстремисттер” көп жүргөн жерде жүрөсүңбү, упайың азаят.

Уйгурлардын куугунтукталып жатышын расмий Пекин, албетте, четке кагып келет. “Кытайдагы бардык этникалык азчылыктар барчылыкта жана тынчтыкта жашап жатат, эркин диний ишеним жайылган. Тынчтык жана туруктуулук баарынан бийик турат. Ага жетүү үчүн болгон чаралар колдонулушуна жол берилет”, – деп билдирген бийлик өкүлдөрү.

Уйгурлар кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп келди. Акыркы кезде этникалык азчылыктын көз карандысыздык  каалоосун эл аралык террористтик топтор өз кызыкчылыгына пайдаланууда. Алардын идеологиясына сугарылгандар Шинжаңда шариатка негизделген мамлекет курууну көздөп, жардырууларды уюштурган учурлар бар.

Негизи Шинжаңда социалдык жактан чыңалуу да күчөп турат.  Бул жакка кытайларды көчүрүү саясаты активдүү ишке ашып, азыр алардын саны уйгурларга теңелди. Жакшы акы төлөнгөн жумуш орундарын кытайлар ээледи, а этникалык азчылыктын акыбалы ого бетер оорлошту. Сырттагы этникалык уйгурлар “майлуу-сүттүү” жердин баары ханьдардан ашпай турганын айтып келишет. Банктан насыя алганда, социалдык жардамдарды бөлүштүрө келгенде деле жергиликтүү эл биринчи орунга коюлбайт. Экинчиден, мындай аралашуу уйгурлардын маданий-материалдык баалуулук, тарыхынын сакталышына терс таасирин тийгизүүдө. Ушундай ар тараптуу көйгөйлөргө карабай Шинжаңдагы чыңалуунун баарын Кытай бийлиги алардын динине байланыштырууда. Ага ылайык, исламдан кайтаруу – хижапка, сакал коюуга, орозо кармоого тыюу салынуу күчөдү.

Уйгурлардын сепаратисттик күрөшүн эки бутакка бөлсө болот. Булардын бирөө – Чыгыш Түркистандын Ислам кыймылы. Анын Жакынкы Чыгыштагы исламий топтордон эч кандай айырмасы жок. Максаты – СУАР аймагында шариатка негизделген мамлекет куруу, бардык тургундарды исламга кайтаруу. Булардын эсебинде канча жардыруу бар экени белгисиз, алар өздөрү 200дөн ашык дешет.

Дагы бир кыймыл – эммигранттар жетектеген «Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгресси». Бул жакта башка идеология – улутчулдук, бирок конгресс күч менен күрөштүн бардык түрүн четке кагат. Расмий түрдө алар Шинжаңды Кытайдан көз карандысыз кылууну эмес, аймакка чыныгы улуттук-маданий автономияны берүүнү талап кылып келишет. Буга карабай Кытайда Уйгурлар конгресси террористтик деп жарыяланган.

Канткен күндө да сепаратисттик кыймыл байкаларлык жаңыланды. Мурда уйгурлар балдарыбыз уйгур тилинде билим алсын деп күрөшсө, азыр улутчулдуктун ордуна исламдашуу келди.  Буга Тяньаньмендеги жардыруу үчүн жанкечтилерди колдонушканы дагы бир далил.

Шинжаң (Синьцзян) Уйгур автономдук району (СУАР) – Кытайдагы эң чоң аймактык-административдик бирдик. Өлкө аймагынын алтыдан бир бөлүгүн ээлеп турат. Администрадивдик борбору жана чоң шаары – Үрүмчү. Кургактыкта Кыргызстандан сырткары 8 мамлекет, Кытайдын эки провинциясы жана Тибет автономдук району менен чектешет. Байыркы заманда Улуу Жибек жолу ушул жактан өткөн.

Калкынын саны 22 млн кишиден ашат. Уйгурлар – 45%, кытайлар – 41%, казактар – 7%, дунгандар – 6%. Жалпы 45тен ашык улут өкүлдөрү бар. Кыргыздардын саны 150 миңден ашат.

Шинжаң – Кытай үчүн геосаясий жактан алмашкыс аймак. Ал “ортоңку Кытайды” Батыштын таасиринен, соккусунан тосуучу буфер. Анын үстүнө Шинжаңда нефти менен газдын эбегейсиз кору бар, жакында эле литий да табылды.

Шинжаң – Кытайдын “Бир кур, бир жол” ири стратегиясындагы маанилүү шакекче.

Уйгурлар – Кытайдын батышындагы тарыхый аймак – Чыгыш Түркистанды илгертен байырлаган калк. Кытай бул жерди 1880-жылы өзүнө каратып алган. Ошондон бери эле уйгурлар көз карандысыздык үчүн күрөшүп келет жатат. Аракеттери оңунан чыкпаган үчүн алар сырттан да колдоо издеп көргөн. Мисалы, Советтер Союзунан. Бирок СССР өз кызыкчылыгына жараша кээде уйгурларды, кээде Кытайдын компартиясын колдогону белгилүү.

1933-жылдын 12-ноябрында Биринчи Түркистан республикасы же Уйгурстан Республикасы түзүлөт. Бирок 1949-жылы Кытайдын коммунисттик партиясы жарандык согуштан жеңип чыккандан кийин Шинжаң КЭРдин курамына кирет. А 1955-жылы 1-октябрда Шинжаң Уйгур Автономдук аймагы түзүлөт.

Кытайда алты автономдук район бар – Шинжаң, Тибет, Ички Монголия, Гуанси-Чжуан, Нинся-Хуэйск. Мындай макамга карабай, аларда чыныгы автономия жок. Жергиликтүү бийлик Пекинден дайындалат жана түз баш иет.

Тибетте башка автономдук аймактарга караганда титулдук улут басымдуу – 92%. Тибет улуттук аскерлерин кытайлар 1950-жылы талкалайт. Тибеттиктерге диний жана саясий автономия убадаланат. Бирок көп өтпөй эле кытайлаштыруу саясаты башталат. 1959-жылы тибеттер көтөрүлүшкө чыккан. 2008-жылы Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн массалык каршылык башталат. 2011-жылы Далай-лама Тибеттин саясий башчысы макамынан баш тартып, рухий лидер гана болуп калды.

Монголдор түндүк, түшүк, батыш, чыгыш ордолорго бөлүнүп, ыдырап турган маалда кытайлар алардын бир бөлүгүн өзүнө караткан. Ички Монголия 1947-жылы Кытайдагы автономдук район деп жарыяланган. 1955-жылы башка провинциялардын аймагын Ички Монголияга кошушат да, калктын саны 9 млн кишиден ашат. Мындай жол менен монголдор өз аймагында улуттук азчылыкты түзүп калат. Дагы 10 жылдан кийин монголдордун каада-салтын, динин талкалоо башталат. Монгол тили кытайга алмаштырылды. Дин, интеллигенция өкүлдөрү куугунтукталып, будда монастырлары, диний искусство баалуулуктары жок кылынды.

1967-жылы монголдор менен кытай аскерлеринин ортосунда куралдык кагылышуулар башталат. Монголдорго каршы массалык репрессия орун алат. Эки жылда 30 миңдей адам өлүп, 300 миңдейи репрессияланат. Азыр Ички Монголия Шинжаң менен Тибетке салыштырмалуу толкундоолор катталбаган тынч аймак.

Материалды даярдоодо meduza.io, birdinflight.com жана Википедиядан маалыматтар жана сүрөттөр колдонулду. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of