Ошто үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору иштей баштады

Борбор турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө көмөктөшүү максатында ачылды. Мындагыларга социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлүп, ар тараптан колдоого алынат.

Долбоордун координатору Зейнеп Эшмуратованын айтымында, күндүзгү борбор Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмү сунуштаган үй-бүлөлөр менен иштешет. Минималдык стандартка тиешелүү шарттардын баары түзүлгөн, 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.

Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдиришкендей, борбор БУУнун Балдар фондусунунун жана Кыргызстандагы “Гуд Нейборс Интернешнл” Эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен ачылды.

Cүрөт: Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of