Акыйкат Соңкөлбекова: Ырчы болбогонумда журналист болмокмун

0

Акыйкат Соңкөлбекова комузун колунан түшүрбөй чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштап жаткан ырчы. Ал элдик ырларга кайрылып, бир катар чыгармаларды аткарып келе жатат. Соңкөлбекова менен өзүнүн жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.  

– Акыйкат айтсаңыз, чыгармачылыкка аралашууңа эмне түрткү болду? Бул суроону берейин дегеним азыр көп ырчылар тойлорду биринчи орунга коюп, изденүүнү экинчи планга калтыргандай?

 – Чыгармачылыкка аралашуума өзүмдүн кичине кезимде койгон максаттарым түрткү болду. Кудай буйруса чыгармачылык чоң чөйрөгө жаныдан аралашып, өз ордумду тапкан аракет кылып жаткан маалым. Мектептеп убагында кароо-сынактарга калбай катышып, ырдап-бийлеп, активдүү кыздардан болчумун. Алгачкы жолу 2013-жылы октябрь айында Опера жана балет театрынын сахнасына чыккам. Биринчи ырдаган ырым Жалил Сыдыковдун “Айылдаштарым” деген ыры болду.

-Музыкалык билимиңиз барбы?

-Ар бир чыгармачыл адамдын билими болушу керек. Өзүм Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык “Эстрада жана фольклордук” студиянын “Комуз менен ырдоо” бөлүмүн жалан “5” деген баа менен окуп бүтүргөм. Учурда жеке ырчымын. Азырынча 1 клип, 10 чакты ырым бар. Ал эми комуз менен ырдаган ырларым аябай көп.

– Дарак бир жерден көгөрөт дегендей балким үй-бүлөңүздө чыгармачыл чөйрөгө жакын адамдар бардыр?

– Үй-бүлөмдө ата-энем , бир туугандарым баары тен чыгармачылыкка аябай кызыгышат. Атам менен эжем   жакшы ырдашат. Ал эми апам кээде  жамактап ырдап калат. Бир туугандарымдын баары эле ыр-бийге шыктуу адамдар. Мага талант ким тарабынан келгенин билбейм, бирок үйдө баары тең ырга жакын.

– Чыгармачылык жол ары татаал, ары кызыктуу кесип эмеспи. Сахнага чыгууга үй-бүлөңүз каршы болсо кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

– Туура айтасыз негизи бул чыгармачылык өтө түйшүктүү кесип. Өзгөчө аялзаты үчүн. Ошону менен катар аябай чоң  эмгекти талап кылат. Ал эми сахнага чыгуума ата-энем каршы болсо мүмкүн журналист болмокмун. Анткени мектепти аяктаган маалымда үй-бүлөм ырчы болушума каршы болуп КУУнун журналистика факультетине тапшырып калгам. Окууну аяктаганымдан кийин гана музыкалык билим алдым. Эгер ырчы болбогондо журналист болмокмун.

Жандап жүргөн мырзалар дагы болсо керек? Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Албетте сөз айтып жүргөн мырзалар көп эле. Бирок чыныгы жүрөгүмдүн  ээси азырынча жок.

– Балалыгыңыз кайсыл жакта өттү эле? Аязатына тийиштүү бардык иштерди кылсаңыз керек?

 –Балалыгым Нарындын Жумгал районунда өттү. Кадимки эле айыл жумүштарын кылып чонойгом. Уй саап, жүн тытып деген жумуштардын баарын кылчымын. Үйдүн кичүүсү болгондуктан үйдөгү жумуштун баарын жасачумун. Ойногонго да жетишчимин. Ал эми ырчылыкка бала кезимен эле кызыкчымын. Үйдө киши жок кеде шыпыргыны колума кармап алып ырдай берчимин.

Азыр ырчылар көбөйүп кетти. Арасынан иргеп отуруп, кайсы ырчыны баалайсыз?

 – Мен баалаган ырчылар өтө көп. Ар бирин бөлүп кароого болбойт. Анткени ар биринин өзүнүн деңгээли бар.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of