Депутат Исакунованын чуулуу иш сапарлары тууралуу жаңы документтерди жарыялады. Министрлик эмне дейт?

0

Эмгек жана жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын чет жакка жасаган иш сапарларына жакындары да чыккан. Муну далилдеген документтерди депутат Аида Касымалиева “Фейсбукка” жарыялады. Эл өкүлү министр дипломатиялык паспортту мыйзамсыз колдонгонун, өкмөткө айтпай туруп АКШга бала асыроо боюнча маанилүү жолугушууга барганын да ачыктады. 

Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова чет өлкөлөргө уулу, жолдошу, кайын-журту менен чогуу чыгып жүргөнүн эки апта мурун эле айтып чыккан. Ошондогу комитеттик жыйында социалдык өнүгүү министри бул маалыматты четке каккан эле. Бүгүн, 8-октябрда Касымалиева өз айыптоолору орундуу экенин Чек ара кызматынын маалыматтары менен тастыктады.

Ага ылайык, акыркы эки жылда Таалайгүл Исакунова Сауд Арабиясы, АКШ, Аргентина, Кытай, Италия, Литва, Швейцария, Улуу Британия жана Орусиянын бир нече шаарларына барган. Чиновниктин айрым өлкөлөргө сапарларынын мөөнөтү жолдошу жана уулунун сапарлары менен дал келет.

“Үй-бүлөсү бюджеттин эсебинен барды деп эч ким айта элек. Бирок дээрлик бардык кызматтык сапарларга жакындарынын коштоосунда чыкканы, конференцияларга катышпай койгону, виза алууда ээлеген ордунан пайдаланганы мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганга жатат”, – деди Касымалиева.

Мындан сырткары депутат Таалайгүл Исакунова өкмөт регламентин, дипломатиялык паспорт тууралуу жобону бузуу менен жогорудан уруксат берилбегенине карабай АКШ, Аргентина, Орусияга барып келгенин жазды.

Касымалиева ачыктаган дагы бир кызык жагдай – Исакунова АКШга барганда аккредитация албай, эл аралык бала багып алуу менен алектенген агенттиктерди каттоодон өткөрүүнүн жаңы жобосун талкуулоого катышкан. Бирок министр бул иш чара тууралуу өкмөткө маалымат берген эмес.

“Эл аралык жана улуттук деңгээлде бала асырап алуу боюнча көйгөйлөрдү, коррупцияны эске алуу менен бул факты тыкыр текшерилиши керек”, – дейт Касымалиева.

Таалайгүл Исакунова Швейцарияга мамлекет эсебинен 173 миң сом сарптап, Эмгек боюнча эл аралык конференцияга учкан. Бирок министр иш чарага катышпаганын эл өкүлү кошумчалады.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги депутат жарыялаган жаңы документтер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал ортодо Башкы прокуратура Таалайгүл Исакунова АКШга уруксатсыз барганын ырастады.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыкка колдонуп келгени министрдин орун басары Зууракан Каденованын Кореядагы учак чуусунан кийин белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, өткөн жылдын тогуз айында Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 ирет чет өлкөгө барышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of