Элет тургундарынын 72 пайызы жакырчылыкта жашайт

0

Өткөн жылы Кыргызстанда жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашагандар 1,6 млн. жаранды түзгөн. Анын 72 пайызы – айыл тургундары.

Бул тууралуу статистика комитетинин 2017-жылдын жыйынтыгын берген отчетунда айтылат.

Ага ылайык, жалпы республика боюнча жакырчылыктын деңгээли 25,6%ды түзүп, ошол эле учурда бул көрсөткүч 2016-жылга караганда 0.2 пайызга жогорулаган.

Жалпы жакырчылык чегинин наркы 2017-жылы 32 миң сомду түзүп,  киши башына жылына 17,5 миң сомдон туура келген.

Маалыматта белгиленгендей, жакырчылыктын көрсөткүчү айыл жеринде 0.6 пайызга азайып, шаар жеринде 1,8 %га жогорулаган.

Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында аз камсыз болгон кожолуктар мурдагы жылга салыштырмалуу азайган. Калган облустарда болсо өсүү байкалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of