Хабибдин атасы уулун катуу жазалай турганын билдирди

Хабиб жана анын атасы

Хабиб Нурмагамедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагамедов беттештин кийин чыгарган чыр үчүн уулун жазалай турганын айтты. Бул тууралуу ал “РенТВ” телеканалына билдирген.

“Сен октагондо каалаганыңды кыласың. Анын сыртында  балдар, аялдар, жат адамдар бар. Менин командам дайыма тартиби менен башкалардан айырмаланып келген. Ошондуктан Хабиб “UFC” берген жазадан да катуу жоопко тартылат”, – деди Абдулманап Нурмагамедов.

7-октябрда Лас-Вегас шаарында “UFC 229” турниринде Хабиб Нурмагамедов 4-раундда Макгрегорду муунтуп жеңишке жетти. Беттештен кийин октагондон ашып өткөн Хабиб Конордун командасындагыларга секирип, чырдаша кеткен. Бул эки команда ортосунда мушташтын чыгышына алып келди.

Хабиб эрежеден тыш аракетине Макрегордун тилектеши анын атасына жана динине карата жаман сөз айктаны себеп болгонун беттештен кийинки маалымат жыйында айткан. Ошондой атасы аны жазалышын да жашырган эмес эле.

Хабиб Нурмагамедов профессионалдык карьерасында 27 жолу беттешке чыгып, анын баарын утту.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of