Исакунованын АКШга уруксатсыз барганын башкы прокуратура ырастады

Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Эмгек жана социалдык өнүгүу министри министри Таалайүл Исакунованын өткөн жылы премьер министрдин уруксаты жок, дипломатиялык паспорт менен АКШга барганын ырастады.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Ага ылайык, министр Исакунова 6-9-ноябрь күндөрү эмгек өргүүсүндө болгон. Бул күндөрү адегенде АКШга, андан ары Аргентинага барган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева аталган министрликтин жетекчилери колдонгон дипломатиялык паспортторду текшерүү сунушун берип, министр Таалайгүл Исакунованын чет өлкөлөргө өкмөт башчынын уруксаты жок, дипломатиялык паспорт менен барганын айтып чыккан болчу.

Ал ортодо Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Таалайгүл Исакунованын АКШга жасаган иш сапары тууралуу түшүндүрмө берип, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү министр 3 кызматкер менен Вашингтонго барганын билдирди.

Анда алар «Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери» глобалдык симпозиумуна катышкан. Ошондой эле министрлик эл аралык бала багып алуу маселелери боюнча түшүндүрүп, АКШ тараптын суранычы боюнча, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушууда эл аралык бала багып алуу менен алектенген америкалык агенттиктерди кайра аккредитациядан өткөрүү тууралуу кеп болгонун кошумчалаган.

Аталган министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыкка колдонуп келгени министрдин орун басары Зууракан Каденованын Кореядагы учак чуусунан кийин белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, өткөн жылдын тогуз айында Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 ирет чет өлкөгө барышкан.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of