“Кыз-Бурактын” мурдагы солисти сулуулар сынагына катышууда

Азалия Дүйшөналиева

“Кыз-Бурак” тобунун мурдагы солисти Азалия Дүйшөналиева ушул тапта Малайзияда өтүп жаткан эл аралык сулуулар сынагына катышууда. Бул тууралуу мелдештин “Miss Cosmopolitan World 2018” расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Miss Cosmopolitan World сынагы ушуну менен төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Ага 30дан ашуун мамлекеттин бийкечтери катышууда. Кыргызстандын атынан Азалия Дүйшөналиева катышууга жолдомо алган.

Белгилей кетсек, сынак 19-октябрга чейин уланат.

Miss Cosmopolitan World дүйнөдөгү эң пресстиждүү сынактын катарына кирет. Максаты – дүйнө элине ар бир мамлекеттин маданиятын жайылтуу жана сулуулуктуу даңазалоо.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of