Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арызын жазды

Лунара Мамытова

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” өздүк булактар билдирди.

Бирок өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов азырынча бул боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

Акыркы кезде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана анын орун басарларынын чет өлкөгө жасаган сапарлары коомчулуктун талкуусуна түшкөн. ЖК депутаты Аида Касымалиева чиновниктер мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкканын, адистердин ордуна өздөрү иш-чараларга катышканын жана диппаспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгонун айтып чыккан.

Бүгүн болсо Аида Касымалиева Лунара Мамытова быйылкы жылдын апрель-май айларында АКШга билимин өркүндөткөнү барганын, ага 440 миң сомго жакын каражат кеткенин жарыялаган. Бул акча Бүткүл дүйнөлүк банктан мамлекетке кредит катары берилген.

Кызматтык сапарлар боюнча соцтармактагы чоң талкууга Лунара Мамытова өзү да май тамызып алды. Ал пенсионерлер да каражат топтоп, чет өлкөлөргө саякаттаса болот деп пост жазган. Орточо пенсия 5 миңден араң ашкан Кыргызстанда министрдин орун басарынын орунсуз билдирүүсү жарандарды кыжырдантты. Айрымдар чиновниктин отставкасын талап кылышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of