Министрлик кувейттик дарыгерлердин акысыз операциясы тууралуу кабарсыз

0

Жакында эле Umma жергиликтүү журналы кувейттик дарыгерлер Бишкекке келип, акысыз операция жасай турганын жарыялаган. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктаган жок. 

Министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова “Калыс Медиага” билдиргендей, акысыз операция тууралуу аларга расмий кат келе элек.

“Былтыр Онкологияга жана Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук балдар борборуна акысыз операция жасоо боюнча Кувейттен келген врачтар кайрылышкан. Анын негизинде бир катар бейтаптарга акысыз жардам көрсөтүлдү. Бирок бул жылы алар тараптан эч кандай кайрылуу түшө элек. Эгер Тышкы иштер министрлигине сунуштарын айта турган болсо, алар бизге расмий кат жолдомок. Азырынча кат келе элек”,-деди Айгерчинова.

Ал ортодо акысыз операция тууралуу маалымат Umma журналынын сайтынан өчүрүлдү. Редакция өкүлүнүн айтымында, бул боюнча сүйлөшүүлөр дарыгерлердин деңгээлинде жүргөн, маселе Саламаттыкты сактоо министрлигинин деңгээлинде эми макулдашылат. Ага чейин журнал жарыяланган материалды сайттан алып турууну чечкен.

Былтыр кувейттик дарыгерлер 120 балага акысыз операция жасаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of