Султан Жумагулов дүйнө салды

8-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов дүйнө салды. Анын өлүмүнө узакка созулган онкологиялык дарт себеп болгон. 

Султан Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен журналист адистиги боюнча билим алган.

Бир катар гезиттерде, кийин “Би-Би-Си”, “Азаттык”, ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

2017-жылдын 3-ноябрынан тарта Султан Жумагулов маданият, маалымат, туризм министрлигин жетектеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of