2 миң сом айып же 8 сааттык коомдук жумуш. Бишкек мэриясы рейд баштады

0

Бишкек шаарында таштандыны өрттөгөндөр же чыгындыны туура эмес жерге ыргыткандарга каршы рейд башталды. Муниципалитет эрежени бузгандарды кандай жаза күтөрүн шаардыктардын эсине салды. 

Текшерүүнү шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы 1-октябрдан бери жүргүзүүдө. Бул аралыкта 55 объекти боюнча 16 эскертүү берилди.

Рейд дагы уланат. Андыктан абайлаңыз! Айып пулга жыгылып же коомдук жумушка тартылышыңыз мүмкүн.

Таштандыны ар кайсы жерге ыргытса, катардагы жарандар 1000 сом, кызмат адамдары 5000 сомго айыпка жыгылат, 6 саатка жумушка тартылат.

Таштандыны өрттөгөндөр үчүн жаза катаалыраак – катардагы жарандар 2000 сом, 8 сааттык коомдук жумушка, кызмат адамдары 10 000 сом жана 8 сааттык жумушка тартылат.

Баса, күзүндө шаардыктардын көбү жалбырактарды өрттөп баштайт. Бирок бул өтө ката иш. Жалбырактарды эмне үчүн өрттөбөш керек? Төрт себебин бул жактан окуңуз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of