Аба ырайы: үшүк жүрөт

0

9-10-октябрларда аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бүгүн, 9-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу болот.

Бул күндөрү түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of