Антонио Конте “Реалдын” машыктыруучусу болушу мүмкүн

0
Антонио Конте

Катары менен 3 беттеште ута албаган Мадриддин “Реал” клубу, машыктыруучусун алмаштырышы мүмкүн. Испаниянын “As” агенттиги билдиргендей, клуб жетекчилиги азыркы машыктыруучу Хуан Лопетегини жумуштан алышы мүмкүн.

Азырынча анын ордуна “Челсинин” мурдагы машыктыруучусу италиялык Антонио Контени эң жакшы вариант катары карап жатышат. Лопетегинин тагдыры октябрдын аягында “Барселона” менен болгон беттештен кийин билинет.

“Реал” Испан чемпионатында 8 турдан кийин 16 упай менен 4-орунда баратат. Хуан Лопетеги жайда башкы машыктыруучу болуп дайындалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of