Аткезчиликтен 5 млн. сомдой каражат кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматы менен биргеликте аткезчилик жол менен ташылган жүктөрдү аныктап, жыйынтыгында 4 млн. сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарышты.

Атайын кызматтан билдиргендей, 18-сентябрь күнү “Кызыл-Бел-Автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунда аткезчилик менен ташылып келе жаткан жүк кармалган.

Эки жүк ташуучу унаа Кыргызстан аркылуу Тажикстанга өтүп бара жаткан. Анда кездемелердин тиккенден калган калдыктары жүктөлгөн. Бул жүктөрдүн бажы төлөмү 7 млн. сом болмок.

Бул факты боюнча УКМК эки кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн натыйжасында 4 млн. 158 миң 610 сом мамлекетке кайтарылды.

Эске салсак, атайын кызмат коррупциялык иштерден жалпысынан 153 млн. сомдон ашуун каражат өндүрүп, бирдиктүү эсепке которгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика