Бишкек мэринин чуулуу тил сынагы. Мамыркулова кайрадан сотко кайрылды

Канышай Мамыркулованын арыз жазып жаткан учуру

Бүгүн, 9-октябрда журналист жана активист Канышай Мамыркулова Өкмөттү, БШКнын төрайымын, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасын сотко берди. Кайрылуу Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кызматка киришерде “Кыргызстесттен” өтпөй калганына байланыштуу.

Журналисттин айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, жетекчи кызматка баргандар мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн “Кыргызтесттен” өтүшү керек. Бирок Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тил  сынагын “Кыргызтест” өкүлдөрү эмес, окумуштуулардан турган комиссия кабыл алып койгон.

Канышай Мамыркулова бул боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок  райондук сот  ишти райондор аралык соту карай турганын айткан. Ал эми райондор аралык соту маселени алгач БШК карашы керектигин билдирген. Ошентип, Боршайком Бишкек  мэри “Кыргызтесттен” өтсүн деп сунуш гана берген.

Азиз Суракматов болсо башында “Кыргызтесттен” качпай турганын, бирок кайрадан сынактан өтүүгө убактысы жоктугун айткан. Кийинчерээк БШКдан “Кыргызтесттен” өтүү боюнча сунуш гана келгенин, а сунуш милдеттүү болбой турганын билдирди.

Канышай Мамыркулова кайрадан райондор аралык сотко кайрылды. Ал БШК, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Өкмөт “шалаакылык” беренеси боюнча жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of