Эмне үчүн жалбыракты өрттөбөш керек? Төрт себебин билип алыңыз

Күз – алтын түскө боелгон керемет мезгил гана эмес. Көпчүлүк шаардыктар үчүн бул от тутантуунун мезгили. Алар өз аймагын жана жалпы эле шаарды тазалайм деп жалбырактарды өрттөшөт.  А бирок жалбырактарды өрттөбөш керек. Себебин эколог Дмитрий Ветошкин менен чогуу түшүндүрүп беребиз.

  1. Ден-соолукка зыян 

Ашынган “таза” шаардыктарды токтотчу эң биринчи жана негизги себеп – жалбырактарды өрттөө ден-соолукка аябай зыян. Нымдуу жалбырактар кычкылтек жетишсиз абалда күйөт. Бул дегени өрттөө маалында СО2 көмүр кычкыл газы эмес, СО – ис пайда болот. Бул газдын молекулалары тери аркылуу да адамдын ичине кире алат. Уулануунун белгилери – кусуу, баштын айланышы жана оорушу. Мындан сырткары ис организмде топтолуп тура берет да, өпкөгө жетип, андан ары канга кошулат, СО этиртоциттерди аралайт. Гемоглабин үчүн күрөштө кычкылтекке караганда исте артыкчылыктар көп. Андыктан күндүзү өрттөлгөн жалбырактан “бир аз дем алып”, анан кечкисин башыңыз ооруса, таң калбаңыз. Бул истин таасири.

Мындан сырткары жалбырактар – абаны тазалоочу табигый фильтр.  А азыркы шаарларда жалбырактарда уулуу заттар көп. Абадагы зыяндуу заттын баарын өзүнө сиңирген жалбырактарды өрттөө менен биз андагы уунун баарын кайрадан абага чыгарабыз.

Күйүк жыттын өзү дем алуу органдары жабыркаган адамдар үчүн жана жаш курагынан улам дем алуу жолдору кыска болгон балдар үчүн өзгөчө кооптуу.

Эгер жалбырак арасында желим буюмдар болсо, анда өрттөөнүн зыяны эселеп жогорулайт.

  1. Дарактар  азыктандыруу чөйрөсүнөн ажырайт 

Жалбырактар – топуракка кошулушу керек болгон азыктандыруучу зат. Жазында дарактар бүчүр байлай баштаганда топурактан ошол керектүү заттарды соруп ала баштайт. Күзүндө алар “үйүнө кайтышы” шарт, анткени жаз алды менен бул биологиялык цикл уланат. А адамдар эмне кылып жатышат? Алар даракты ушундай азык заттан куру калтырууда. Жыйынтыгында топурак сапатын жоготуп, кумга айланат. Бул өз кезегинде шаардын чаңга оролошун күчөтүп, акыр аягы шаардыктардын саламаттыгына таасир этет.

Эгер ушул күздө сиз жалбырактарды дарак алдында калтырсаңыз, эки-үч жылда экологиялык баланс калыбына келет. Чоң шаарларда абада жүргөн уулуу бензапирен заты менен оңой эле күрөшчү микроорганизмдер, сөөлжандар, коңуздар жана топурак бактериялары пайда болот.

  1. Топурактын үстүңкү катмары күйөт  

Адатта жалбырактарды асфальтта эмес, топтолгон жеринде өрттөшөт. Жыйынтыгында топурактын үстүңкү катмары күйөт. Жалын эң керектүү микроорганизмдерди жок кылат. Топуракта тирүү экосистема эмес, өлүк чөйрө калыптанат. А өрт коюлган жерде көп убакыт бою эч нерсе өспөйт. Жалбыракты өрттөп, анын күлүн дарактарга жер семиртчкич катары себебиз деген миф бар. Бирок чынында эле жалбырак күлүндө эч кандай пайдалуу зат жок.

Жалбырак кору – жер семирткич эмес. Аны топурактын курамын өзгөртүү үчүн гана колдонсо болот.

  1. Сиз күздү  романтикадан ажыратасыз 

Күз – романтика мезгили. Муну баары билет. Анткени саргайган жалбырактын жыты табигый антидепрессант. Депрессиядан ошондой эле паркта жерге түшкөн жалбырактарды шуулдата тебелеп сейилдөө да арылтат.

Жалбыракты эмне кылуу керек?  

1. Мүмкүн болгон жерлерде – огороддо, эс алуу жайлары жана бактардан аны тазалабай эле коюу керек.

2. Тротуар, жолдордон жалбыракты жыйнап алып, дарактардын түбүнө таштоо абзел.

3.Көп өлчөмдөгү жалбырактарды чогултуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн чакырыңыз, алар чыгындыны ташып кетишет да, компост жасап, жазда жер семиртчки катары колдонушат.

Көңүл буруңуз! Өсүмдүк митеси зыян келтирген жалбырактан компост жасаса болбойт. Ушул себептен улам Бишкекте күбө каптаган каштандын жалбырактарынан компост жасашпайт. Мөмөлүү дарактын жалбырактары зыянкечтерге кабылса, аларды да компостко колдонууга болбойт. Мындай жалбырактарды ачык абада эмес, атайын меште, үй шартында болсо откана же мончого жакса болот. Эмендин жалбырагынан компост жасаса жарайт.

Баары  бир өрттөп салсаңызчы?

Сизди жаза күтөт. 2 миң сомдон 20 миң сомго ( $29 – $294)  чейин айып пул же коомдук иштер. Демек, кошунаңыз жалбыракты өрттөп жатса, ушул беренени көрсөтүп, мындай жасабоого чакырыңыз. Эгер натыйжа болбосо, Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясына тартынбай чала бериңиз. Алар өрттөгөн кишини жазага тартышат. Баса, акыркы кезде Бишкекте жалбырактарды анча өрттөбөй калышты, бирок дарак түбүнөн баары бир чогултуп алышат. Көп учурда жалбырактар менен күрөшүүгө окуучуларды чыгарышат. Окуу жайлардын администрациясы жалбырактарды жыйноого аларды шаардагы райондордун жетекчилиги мажбурлай турганын айтышат. Буга байланыштуу экологдор жыл сайын акцияларга чыгып, таштанды – бул кагаз жана желим , ал эми жалбырак таштанды эмес экенин түшүндүрүшөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of