Келерки жылы айлык акы миң сомго көбөйөт

0

Каржы министрлиги келерки жылдын жарандык бюджетин иштеп чыкты.

Ага ылайык, 2019-жылы орточо айлык акы 17 миң 440 сомго жетет. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч 16 миң 453 сомду түзөт. Ал эми 2021-жылы орточо айлык акыны 19 миң 651 сомго жеткирүү болжонууда.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары каржы министрлиги келерки жылы жашоо минимумун 5 миң 219 сомго жеткирүунү көздөп, ички дүң өнүмдү жан башына бөлгөндө 97 миң 700 сомдон тийишин болжоодо.

Жарандык бюджет – келерки жылдын бюджети жана бюджеттик процесс менен жарандарды кеңири тааныштыруу максатын көздөйт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of