КСДП фракциясы Кожобек Рыспаевдин маселесинде экиге бөлүндү

0
Кожобек Рыспаев

КСДП фракциясы Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековду колдогондор болуп экиге бөлүнө баштады. Муну депутат Кожобек Рыспаевдин партия катарында калып же калбашын талкуулаган жыйын ачык көрсөттү. 

КСДП фракциясы өткөн жумадагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу боюнча партиянын саясий кеңешинин чечимин четке кагуу тууралуу маселени добушка койгон. Бирок Рыспаевди фракцияда калсын деген сунуш депутаттар тарабынан колдоо таппай, аны сынга алган кесиптештеринин саны көпчүлүктү түзгөн.

Ошентип, Алмазбек Атамбаевге жооп кылып, Кожобек Рыспаевди фракцияда калтыруу максатын көздөгөн саясий топтун максаты ишке ашпай, жетиштүү добуш топтой алган эмес. Натыйжада Рыспаевди фракцияда калтыруу чечими добуш берүү аркылуу эмес, ар бир депутатты кол койдуруу аркылуу ишке ашты. Бул окуя КСДП фракциясы Жээнбековду жана Атамбаевди колдогондор болуп, экиге бөлүнүп калганынан кабар берет.

Эскерте кетсек,буга чейин КСДПнын саясий кеңеши Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган эле. Мындай чечимге депутаттын “Бишкек ЖЭБи боюнча КСДП мүчөлөрүнүн күнөөсү далилденсе, партияда чыгам деген” сөздөрү себеп болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of