Кызматтык унаа, орус тил, эки аял алуу. Депутаттардын көп талкууланган сунуштары

0

Алтынчы чакырылыштагы депутаттар күлкү келтирген, талкуу жараткан сунуш-демилгелери, сүйлөгөн сөздөрү менен да эсте калмай болду. Эл өкүлдөрү “эмнени айттым өзү” деп эсин жыйганча эле социалдык тармакта мемдер, какшык посттор жайнай баштайт.

Октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын шайланганына 3 жыл болот.  Биз эл өкүлдөрүнүн кырнетте талаш-талкуу жараткан сунуш, ойлорун чогулттук.

Депутаттын кадыры кызматтык унаага байланганда

Бул окуядан киийн Камчыбек Жолдошбаев уялчаак  депутат деген атка конду. Эл өкүлү  кесиптештери коомдук унаада жүргөнү үчүн шапкенин ичине бекине калып уяларын айткан.

“Уялам мен, чынын айткандачы… Депутат кыздарыбыз, келиндерибиз, балдарыбыз маршруткадан түшүп, жөө басып келет. Шапкемди ылдый басып кийип, көрүнбөй мен машинемде келем”, – деген эл өкүлү. Ал кызматтык унааларды парламентарийлерге кайтаруу боюнча спикерге сунуш берген.

Кызматтык унаалар боюнча уялчаак депуттын сунушун Мирлан Бакиров да колдогон.

 Биз кызматтык унаалардан баш тартуу боюнча токтом кабыл алганбыз. Бирок бул маселе боюнча мага да кайрылган депутаттар бар. Айрым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Кызматтык унаа мыйзамда так көрсөтүлгөн ченем. Бул парламенттин аброю”, -деген Бакиров.

Башка эл өкүлү Тазабек Икрамов болсо кызматтык унаалардын эми кайтарылбай турганына моюн сунуп калгандай. Бирок ал KG-номурлар кайтарылышын демилгелеген.

Айтымында “депутат келгенин эл билиш үчүн, жолдо эч кандай тоскоолдуктар болбош үчүн”номур аларга керек. Эн белгини депутат кааласа өз унаасына, кааласа таксиге тагып алат.

“Болбосо өкмөт дагы жөнөкөй номурларга өтсүн!” – деп талап койгон Икрамов.

Автоунаага байланыштуу Кожобек Рыспаевдин да таарынычы бар. Көчмөндөр оюндарына өкмөт өкүлдөрү жеке машинелеринде барса, депутаттар автобус менен жургөнүн Рыспаев шылдың катары кабыл алды

Орус тилине мамлекеттик макам сураган, гимнди билбеген депутаттар

Президенттер ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып Манастын күмбөзүндө ант бериши керек. Демилгечи Зарылбек Рысалиевдин айтымында, ажо күмбөздү карай бир чакырымды жөө басып барганча, Манас айтылып, добулбас үнү жаңырып турат.

Негизи  Кыргызстандын символикалык белгилери, жер-суунун аттарын өзгөртүү боюнча эл өкулдөрү ар кандай сунуштарды маал-маалы менен көтөрүп турат. Мисалы, депутат Алмазбек Баатырбеков мамлекеттик тууга Манас баатырдын эрдигин даңазалаган эн белгини кошуу керек деп чыкты. Анын баамында, спортчулар желекти туура эмес (түндүктүн элесин тескерисинен) кармап алышат. А Манастын белгиси мунун алдын алып, кыргыз элинин өзгөчөлүгүн да көрсөтүп турмак.

Ал ортодо эл өкүлдөрү ак калпакты мамлекеттик символикалык белгилердин катарына кошууну сунушташты. Документке ылайык, президент баш болгон бийлик өкүлдөрү расмий учурашууларда, эл аралык аянтчаларда улуттук баш кийимчен жүрүүгө милдеттендирилет. Өкмөт калпактын тигилишин, сатылышын көзөмөлдөйт. Ал эми улуттук баш кийимди мазактагандарга жаза киргизилмек.

Ушундай улуттук иденттүүлүктү күчөтүү демилегери көтөрүлүп жаткан маалда Ирина Карамушкина чоң талкууга жем таштаган сунушун айтты. Бул – орус тилине мамлекеттик деген макам берүү.  Эл өкүлүнүн пикиринде, кыргыз жана орус тилдерине бирдей көңүл буруп, бирдей макам берүүдөн эч кандай коркунуч издебеш керек. Анткени айрым өлкөлөрдө эки эмес, беш мамлекеттик тил бар.

Ал эми жер-суу, административдик аймак жана көчөлөрдүн атын өзгөртүү боюнча сунуштарды эл өкүлдөрү байма-бай көтөрүп турат. Эсте калганы Кубанычбек Жумалиевдин демилгеси болду көрүнөт. Ал түндүк-түштүк альтернативдик жолуна Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштаган.

Мамлекеттик символикага, улуттук иденттүүлүкө байланыштуу патриоттук чакырыктар парламент трибунасынан жаңырган менен депутаттардын чыныгы жүзү гимнди ырдаганда көрүнүп калды. Пархат Тулендыбаевдин гимнди эми эле тили чыккан баладай аткарганы соцтармакты жарды. Эл өкүлү бир түндө гимнди жаттап, кыргызстандыктардан кечирим сурады.

Кызыкчылыкка жараша саясатташкан салык

Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстанга келген ар бир туристтен 20 доллардан салык алууну сунуштады. Анын пикиринде коноктор үчүн мындай “арзыбаган” акча бюджетти толтурууга шарт түзөт. Дубайда туристтерден 40-50 доллардан алынарын эске салган Нышанов аэропорттон эле салыкты төлөгүдөй кылып шарт түзүп коюу керек дейт.

Руслан Казакпаев болсо ири интернет-ресурстардан салык алууну демилгеледи.

Эл өкүлү түшүндүргөндөй,  Facebook, Instagram, Twitter,  Google жана башка чоң компаниялар жарнама үчүн миңдеген долларларды алат. А бирок жарнама тараган өлкөлөрдүн бардыгы эле бул ресурстардан салык албайт. Эгер сунуш ишке ашса, Кыргызстан жылына 1 млрд сомго чейин киреше көрмөк.

Салык жаатындагы эң талаштуу мыйзам долбоору сырттан ташылган буудай менен унга 12%дык кошумча нарк салыгы болгонун эске сала кетели. 2016-жылы депутаттар  салыктын бул түрүн кыскартып салышкан. Бирок казынага 680 млн сом түшпөй калып жатат деп бир жылдан кийин салыкты кайра кайтарышты.

Кайтаруунун демилгечиси Кенжебек Бокоевдин айтымында, ун-буудайга 12%дык салык кезинде айрым бир чөйрөдөгүлөрдүн кызыкчылыгы үчун алынып салынган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев болсо акыркы маалымат жыйынында  “бай тегирменчилердин” айынан өлкө бюджетине 1 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн деген.

Депутаттар бул жааттагы позициясын ашыкча байлыкка салык киргизүү демилгеси айтылганда дагы бир жолу көрсөтүп койду. Кыймылдаткыч күчү 3 метр кубдан ашкан автоунааларга салыкты көбөйтүү сунушталганда, айрым эл өкүлдөрү долбоорго каршы чыкты. Анткени бул “жолдандабастарда жүргөн чабандарга, дыйкандарга кыйын болот, алар төлөй албай калышат”. А бирок Экономика министрлиги кыргызстандыктардын 3%ы гана кымбат баалуу унаа айдай турганын билдирген.

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу, азан үнү, жума намаз

Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштаган жайы бар.

«Конституция боюнча бир эле аял алгыла деп жатпайбы. Азыр эми 2-3 аял алып, никеси жок, аларга фамилиясын бербейт. Муну мыйзамдаштыруу керек го. Кээ бирлери балалуу болгон. Эки жагы тең туура деп жатат, балдарын тарбиялап жатат. Ошону мыйзамдаштырып бериш керек да. Кээ бири үч, кээ бирлери төрт аял алууда. Анан никеси катталбаса, алардан төрөлгөн балдар кандай фамилия алып жатат? Башка бирөөнүкүн ала береби? Ал балким чоочун баладыр. Ошондуктан ушул нерсени байкап туруп, сунуш киргизип, мыйзамдаштырып коюш керек», – деген Жолдошбаев. (Цитата «Азаттыктан» алынды).

Депутат Болотбек Ибраимжанов болсо мечиттерде таңкы жана түнкү намазга чакырган азан үнү элдин тынчын алып жатканын билдирген. Үн күчөткүч кубаты 40 децибилден ашпаш керек деген норма сакталбай, таңкы уйку бузулуп жатканын белгилеген Калыстык үчүн айта кетүү керек, депутат кафе-ресторандардагы ызы-чуу, музыка көйгөйүн да кошо айткан эле.

 Тазабек Икрамов жума күнкү түшкү тыныгууну саат 14:30га чейин узартуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, калкынын 80%ы ислам динин карманган Кыргызстан үчүн бул актуалдуу маселе. Тыныгууну мыйзамдаштырбаган күндө деле кызматкерлердин басымдуусу жума намазды калтырбай барат.

Албетте, кандай болбосун башка сунуш, көйгөйлөргө караганда динге байланыштуу бул темалар социалдык тармактарда чоң талкууну жаратты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of