Маданият кызматкерлеринин маянасы 80%га чейин жогорулайт

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин  эмгек акысы жогорулады.  

 Тиешелүү токтомго премьер министр Мухаммед Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, маданият ишмерлеринин айлык маянасы 80 пайызга чейин жогорулайт.

Эмгек акысы көбөйө турган кызматкерлер эмгектенген мекемелер:

– Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;

– Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театры;

– С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры,

– Улуттук тарых музейи;

– Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейи;

– «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

– Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы.

Мындан тышкары Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;

– М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

– С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;

– Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында эмгектенген кызматкерлердин эмгек маянасы 80 пайызга жогорулады.

Учурда маданият кызматкерлеринин орточо айлыгы – 4,5 миң сом.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of