Мэрия селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайларды ачат

0

Кышкы суукта Бишкек шаардык мэриясы үй-жайы жок жарандар үчүн убактылуу жана туруктуу жашоочу жайларды ачат. Жагдайы оор жалгыз бой энелер үчун өзүнчө борбор да бар. 

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, баш калкалоо жайлары бардык райондордо уюштурулат.

Биринчи май районунда Жибек Жолу проспекти №413 дарегинде “Коломто” үйү. 70-100 кишиге ылайыкташкан бул жайда бир маал ысык тамак бар.

Ленин районунда Трудовой  көчөсүндө «Центр милосердия» үйүндө балдары менен оор турмушта жашап жаткан жалгыз бой энелерге орун берилет.Мында да бир маал ысык тамак болот.

Ушундай эле үйлөр Свердлов районунда Фере көчөсү 34-а дарегинде, Октябрь районунда Аалы Токомбаев көчөсүндө бар.

Ар кандай маалыматтар боюнча Бишкек шаарында 3,5 миңдей үй-жайсыз адамдар бар. Өткөн кышта – январь айында эле 15 селсаяк сууктан көз жумган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of