Төө буурчак эми чийки экспорттолбой, жеринде кайра иштетилет

0

Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды.

Ишкана “Азра” компаниясы тарабынан курулган. Заводдун ачылыш аземине мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып,  ата мекендик төө буурчак дүйнөлүк рынокто ордун тапканын белгиледи.

«Жыл башында мен бир катар каржылык  мекемелердин жетекчилерине кредиттик саясатты айыл жергесине буруу, элеттик ишкерлерди колдоо үчүн ресурстардын олуттуу бөлүгүн региондорго жөнөтүү тапшырмасын бергем. Эми дагы жаңы долбоорлор ишке ашырылып, аймактарда ушул сыяктуу ишканалар ачылат», -деди президент Жээнбеков.

Завод күнүнө 250 тонна төө буурчакты тазалоо кубаттуулугуна ээ. Анда жалпысынан 250гө жакын жергиликтүү тургун иштейт.

«Азра» компаниясы буга чейин интенсивдүү мөмө-бактарын Кыргызстандын аймагына жайылтуу боюнча иш алып барып, 700 гектардан ашуун аянтка мөмө бактарын тиккен.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан жылына 90 миң тонна экспорттойт. Төө буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенип, бир жылда 70 млн. доллар пайда табышат.

Буга чейин дыйкандар төө буурчакты Иран, Түркия, Индия өндүу 25 өлкөгө экспорттоп келишкен.

Төө буурчакты кайра иштетүү заводду курууну кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду колдоого алган. Фонд тарабынан жалпы суммасы 134 млн. сомду түзгөн 24 долбоор тандалып алынса. Анын ичинен Талас облусу боюнча эки долбоор жактырылган.

Фото: Султан Досалиев

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of