Ысык-Көлдө сексендеги энени зордуктайм деген жигит ажал тапты

Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган таанышын жан таслим болгончо сабап салган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, күн мурун аталган райондун РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө улгайган аялды зордуктоого аракет кылган деген маалымат түшкөн. Жергиликтүү милициянын тергөө тобу барганда күбөлөр ошол эле айылдагы 30 жаштардагы тургун мас абалында аялды зордуктоого аракет кылганын, корккон аял жардам сурап кыйкырганын айтышкан. Апасынын үнүн уккан уулу мас абалдагы тургунду катуу сабап салган.

Зордуктоого шектелген тургун катуу жараттан улам ооруканага жеткирип, көп узабай көз жумган. Аны өлтүрдү деп шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алган.

Бул боюнча кылмыш иши коголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of