Жалал-Абадда төрага менен депутат үй камагына алынды

0

Апрель айында Макмал алтын кенинде болгон башаламандыкка байланыштуу жергиликтүү кеңеш төрагасы жана депутат камакка алынды. Алар уюштуруу иштеринин башында турган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Аакыркы күндөрү Жалал-Абад ОИИБси кендеги башаламандыкты уюштурган лидерлерди аныктоо боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзгөн. Жыйынтыгында эки жаран камакка алынган, алар – Атай айылдык кенештин төрагасы менен Көк-Ийрим айылдык кеңешинин депутаты. Экөө тең эки айга камакка киргизилди.

Макмалдагы башамаламандык боюнча жалпы шектүү катары 21 адам каралууда. Аларга «массалык тартипсиздик», «бейбаштык», «жерди өзү билип ээлөө же басып алуу», «мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери менен айып тагылган.

Эске салсак, ушул жылдын 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенин иштеткен “Эл Макмал девелопинг” кытай компаниясынын ишмердигине каршы миңдей адам нааразылыкка чыгып, ишкананын имаратын өрттөп салган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of