Жанар Акаев чындык издеген баткендик аксакал менен жолукту

Баткенден Бишкекке чындык издеп жөө чыккан аксакал менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 9-октябрда Ошто жолукту. Бул тууралуу  эл өкүлү өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

“63 жаштагы аксакал азыр адвокат жалдап, уулунун актыгын далилдөө аракетин көрүп жатыптыр. Депутат катары мыйзамдын алкагында ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенимди айттым. Мен эмне үчүн сотторду жана Акыйкатчы шайлоодо элге жакын, адилет адамдарды шайлайлы деп какшап келатам, анткени ушундай адамдарды жөө жалаңдатып көчөгө бастырбай, үнүн угуп, жардам берчү кишилер аз”,-деп жазды депутат. 

Эске салсак, 63 жаштагы Сайтарим Абдилатов уулунун тагдыры адилеттүү чечилиши үчүн Баткенден Бишкекке карай жөө чыккан. Аксакал Ош шаарынан кайра артка кайткан.  Анын 20 жаштагы уулу адам өмүрүн алган автокырсыкка шектелүүдө. Бирок Абдилатов баласы ак экенин,  мыйзамсыз камалганын айтып келет .

Баткенден чындык издеп жөө Бишкекке барам деген аксакалга Ош шаарында жолуктум, күч органдарына болгон нааразылыгын…

Опубликовано Janar Akaev Понедельник, 8 октября 2018 г.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of