ЖЭБде аварияга каршы машыгуу болду

Бишкек жылуулук борборунда аварияга каршы машыгуулар өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов ЖЭБдеги химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларынын иши менен таанышты.

Боронов белгилегендей, 1-октябрда ЖЭБдеги реконструкцияланган химиялык цехтин курулушу  жыйынтыкталган. Анын долбоордук кубаттуулугу саатына 144 метр кубду түзөт. Жаңы химиялык суу тазалоо тутуму бардык экологиялык талаптарга жооп берет, цехтин жабдуусу автоматтык режимде иштейт. Учурда химиялык цехтин жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 504 метр кубду түзөт, мурда анын кубаттуулугу саатына 360 метр кубду түзгөн.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министрге аварияга каршы машыгууга күбө болуп, штаттан тышкаркы абал тууралуу маалымдоо, бузулуунун себептерин аныктоо, штаттан тышкаркы абалды локалдаштыруу жана режимди калыбына келтирүү ишин көрдү.

Эске салсак, өткөн жылы кыш чилдеде ЖЭК аварияга учурап, шаардыктар бир жума бою суукта калган болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of